Жаңылыктар
Абылгазиев «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты
Экономика
Абылгазиев «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Сүттү сатып алуу баасынын жогорулатылышы фермерлерге сапаттуу жана ири көлөмдөгү сырьё тапшыруусу үчүн өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы «Ак-Сүт» сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышканда айтты. 


Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев ишкананын учурдагы иши, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүлүп жаткан продукцияны экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ал маалымдагандай, мындай сүттү кайра иштетүүчү заводдор Ош, Нарын жана Талас облустарында ачылып, ийгиликтүү иш алып барууда. Абылгазиев өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгып, өкмөт жер-жерлерде социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумуш орундарды түзүүгө өз салымын кошуп жаткан экспортко багытталган ишканаларга ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.