Жаңылыктар
Каттоо кызматындагы чырдуу тендер боюнча жаңы жагдайлар
Коррупция
Каттоо кызматындагы чырдуу тендер боюнча жаңы жагдайлар

Чырдуу тендер тууралуу иликтөө иштери уланууда. Ал ортодо атайын кызматтар бул ишке тиешелүү, мурда маалым болбогон жагдайларды аныктап чыкты. Айрым жарандык активисттер окуяга тиешеси бар делген тараптарды колдоп жатышат. Талдоочулар болсо бул жагдай боюнча коррупциялык схемалар бар деген күмөн саноолордун күчөшүнө алып келүүсүн белгилөөдө. 

Чет элдик паспортторду чыгарууда электрондук бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырына тиешелүү дагы башка жагдайлар ачыкталды. Атайын кызмат каттоо кызматынын учурдагы жетекчилери менен тендерден уткан компания өкүлдөрүнүн ортосунда туруктуу байланыш болгондугун ырастайт. Ошондой эле "Гарсу пасаулис" компаниясынын эсебинен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү бир канча ирет чет өлкөлөргө сапарга чыкканы аныкталды.

Бирок, конкурстук комиссия купуя маалымат делген жана эл аралык практикада колдонулбаган буйрутма берүүчүлөр менен талапкерлердин ортосундагы мурдагы келишимдеринин көчүрмөсүн милдеттүү түрдө алып келүү боюнча талапты коюп, сынактын катышуучуларына тоскоолдуктарды түзүшкөн. Мындан улам жарыяланган процесске бир канча абройлуу, дүйнөгө таанымал компаниялар катышуудан баш тартышкан.