Жаңылыктар
Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты
Коррупция
 Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү окулууда. Биринчи май райондук сотунда аталган иш боюнча акыркы сот жараяны бүгүн өтүп, анда мамлекеттик айыптоо Айбек Калиев баштаган бир катар энергетиктерге 2,5 жылдан 10 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасын сураган.

 



Биринчи май райондук сотунда бүгүн эл адаттагыдан көп. Айыпталуучуларга акыркы сөз берилип бүтүп, судья түшкү саат 11де кеңешүүчү бөлмөгө кирген. Өкүм түштөн кийин саат төрттө окула баштамак, бирок ал алтыдан өтүп башталды.

Айыпталуучулар 7 киши. “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” акционердик коомунун мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев, орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБдин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу, борбордун башкы инженери Нургазы Курманбеков жана Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов.


Тактап айтканда, тиешелүү тармактардын мурдагы жетекчилери 2018-жылы январь айында Бишкек жылуулук электр борборунда орун алган кырсык боюнча айыпталууда. Кылмыш иши козголуп, мындан бир жыл мурун тергөө иштери башталган. Ал эми соттук териштирүүлөр жарым жылдан ашык убакытка созулду.