Жаңылыктар
“Кул Брос” тигүү фабрикасы ачылды
Экономика
“Кул Брос” тигүү фабрикасы ачылды

Чүй облусунда жаңы “Кул Брос” тигүү фабрикасы ачылды. Ишкананы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги 300 миң долларлык заманбап машина жана жабдуулар менен камсыздады. 

Учурда фабрикада 800гө жакын жумушчулар иштеп жатышат. Жаңы ишкананын ачылыш салтанатына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов жана ишкерлер катышты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, Биринчи радио