Жаңылыктар
Ош шаарындагы эл аралык салтанат сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү менен башталды
Маданият
 Ош шаарындагы эл аралык салтанат сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү менен башталды

Эл аралык салтанат сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү менен башталды. Ага ТҮРКСОЙдун Баш катчысы катышкан расмий коноктор катышты. Алгач Умай эне аластап, келгендер нандан ооз тийишти. 

Меймандар сүмөлөк кайнатуудагы жөрөлгөлөр менен таанышты. Дасторкон көркү болгон сүмөлөктүн бетине түшүрүлгөн сүрөт чечмеленди. 

Анда Ала-Тоо, адамдын канаты болгон тулпар, Кыргызстандын картасы, молчулуктун белгиси болгон данды даана көрүүгө болот. Андан соң, жалпы жер жүзүнө тынчтык тиленип, бата берилди. Түнү менен 12 саат кайнатылган сүмөлөк келгендерге ооз тийгизилди.