Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан Түрк дүйнөсүнүн этномаданият фестивалынын алкагында, элдик каада салттар, түрк элинин этномузыка, этномодасы көрсөтүлүп, көл өнөрчүлөрдүн эмгектери тартууланып, тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулган.
Алгач, акындар сөз алып, Оштун тарыхы, Түрк дүйнөсүнүн маданияты тууралуу баян курушту.
Андан кийин, чыгармачыл топ көчмөн элдин тарыхын чагылдырган сахналаштырылган оюн көрсөтүштү.