Жаңылыктар
"Улуттук энергохолдингдин" экс-жетекчиси Айбек Калиев 2,5 жылга эркинен ажыратылды
Коррупция
"Улуттук энергохолдингдин" экс-жетекчиси Айбек Калиев 2,5 жылга эркинен ажыратылды

19-апрелде Биринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу айып тагылган жетекчилерге өкүм чыгарды. Анда сот "Улуттук энергохолдингдин" экс-жетекчиси Айбек Калиевди 2,5 жылга кесип, 100 миң сом айып пул салды. Жетекчинин орун басары Нурлан Садыков да 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айып пул төлөй турган болду.

Ошондой эле, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов дагы 2,5 жылга камалып, 100 миң сом айып төлөйт. Ал эми, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мурдагы генералдык директору Узак Кадырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды. 

Ушул эле коомдун мурдагы төрага орун басары Бердибек Боркоев 8 жылга кесилип, 150 миң сом айып пулга жыгылды. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркулов 4 жылга кесилип 150 миң сом айып төлөйт. 

Ошондой эле, мурдагы техникалык инженер Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылды жана 150 миң сом айып төлөйт. Айып пулдан сырткары сот күнөөлүү деп табылгандарды мамлекетке 3 млн 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бишкек ЖЭБиндеги акыркы кырдаалга байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Учурда бул иштердин экөө боюнча өкүм чыкты.