Жаңылыктар
Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан 11 киши каза болду
Кырсык
Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан 11 киши каза болду

Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан 11 киши каза болду. Отузга жакын киши жаракат алды. Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы - Ташкент автожолунун 181-чакырымында "Toyota Camry" машинасы жүк ташыган унаа менен кагылышкан. 

Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Министрликтин маалымат катчысы Нурдилде Ораздын айтымында, окуя болгон жерге облус башчысынын орун басары Бекболот Орынбеков, облус прокурору Жаркын Кусайынов, облустук полиция жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү барышты.