Жаңылыктар
Бишкекте "Нью жаз" аталышындагы эл аралык сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өттү
Маданият
Бишкекте "Нью жаз" аталышындагы эл аралык сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өттү

Бишкекте "Нью жаз" аталышындагы эл аралык сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген сүрөтчүлөрдүн жүздөн ашык эмгектери коюлду. 

Көргөзмө живопись, графикадан тышкары скульптуралык эмгектерди да камтып турат. Максаты өнөрпоздорду искусство тармагында болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштырып, тажрыйба алмаштыруу. Төрт элдин маданиятын чагылдырып турган көргөзмө 7-майга чейин уланат.