Жаңылыктар
Россияда 10 саат эс алуусуз иштеген кыргызстандык жаран каза болду
Кырсык
Россияда 10 саат эс алуусуз иштеген кыргызстандык жаран каза болду

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 10 саат эс алуусуз иштеген кыргызстандык жаран каза болду. Буга чейин «Яндекс.Еда» сервисинин кызматкери он сааттан ашык тыныгуусуз иштегенден кийин көз жумганы тууралуу маалымат тараган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жергиликтүү маалымат сайттарга билдиргендей, учурда маркумдун өздүгү такталып, ал 21 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталды. 

Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы тиешелүү органдарга расмий суроо кат жөнөттү. Ошондой эле диаспоралар менен иштешип, сөөктү жөнөтүүгө көмөктөшүү иштери башталды. Маркумдун тааныштарынын айтымында, каза болгон жигит жеткирип берүүчү болуп иштеп жаткан. Учурда анын өлүмүнүн себеби такталууда. «Жүк-200» тиешелүү органдардан уруксат алгандан кийин жакынкы убакта жөнөтүлөт.