Жаңылыктар
Борбор калаада "Салттуу музыка жумалыгы" башталды
Маданият
Борбор калаада "Салттуу музыка жумалыгы"  башталды

Бишкек шаарында кыргыз элинин улуттук аспаптарын даңктаган «Салттуу музыка жумалыгы» башталды. Ага чет элдик өкүлдөр дагы келип катышат. Аталган иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен  биргеликте уюштурушкан.


Салттуу музыка жумалыгынын программасы:

22-апрель

11:00

К. Молдобасанов атындагы КУК Лекция: “Салттык музыкалык искусствону заманбап изилдөө маселелери жана жашоо турмуштагы орду” Баяндамачы: Саида Елеманова – Казахстан Республикасынын Нур-Султан  шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 

14:00

М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында лекция жана жолугушуу: “Салттык музыкалык искусство – Борбордук Азиянын музыкалык маданиятынын феномени”,  “Аспаптар – этностун руханий мурасы” Баяндамачы: Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р. С. Абдуллаев.

18:00

Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, төкмө акындардын концерти.


23-апрель

11:00

К. Молдобасанов атындагы КУК мастер-класс: Түрк тилдүү элдердин руханий мурасы – ЖЕТИГЕН аспабы (Казак жетигенинин мисалында) – Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, “Каусар” жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургул Жакыпбек кызы. Казакстан

14:00

К. Молдобасанов атындагы КУК “Борбордук Азиянын Салтуу музыкалык маданиятынын бүгүнкү абалы жана аны сактоо, изилдөө маселелери” Искусство таануу илимдеринин кандидаты, ICTM дүйнөлүк уюмунун “Макам” изилдөө борборунун жетекчиси Жумаев Александр. Өзбекстан

18:00

Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун аспапчылык  багытына арналган комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын  концерти.

24-апрель

 09:00

Улуттук илимдер Академиясы “Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция.

18:00

Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык  багытына арналган элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти.

25-апрель

15:00

"Ала Тоо" аянтында Улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманке. Кыргыздын жана Кыргызстанда жашап жаткан этностордун маданиятын таанытууга арналган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси.

17:30

"Салттуу музыка күнүнүн" 15 жылдыгына арналган Жумалыктын жабылыш Гала-концерти. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү: манасчы, дастанчы, акындардын, комузчу, кыякчы, чоорчулардын, элдик жана автордук чыгармаларды аткарган авазы таңшыган ырчылардын катышуусунда.