Жаңылыктар
"Дарак ыры" тасмасы Россияда өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды
Маданият
"Дарак ыры" тасмасы Россияда өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды

Кыргызстандык режиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн "Балдарга - кино" аттуу эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. 

Кинематографияны өнүктүрүү фонду маалымдагандай, фестивалда Орусия, Түштүк Корея, Эстония, АКШ, Бангладеш, Норвегия, Германия, Финляндия жана Иран кинорежиссёрлору тарткан 16 тасма көрсөтүлгөн. 

Мюзиклдин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөн. "Дарак ыры" - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан.