Жаңылыктар
Улуттук тогуз коргоол жана айтыш ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарына кирет
Маданият
Улуттук тогуз коргоол жана айтыш ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарына кирет

Кыргыздын улуттук оюндарынан тогуз коргоол жана айтыш ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарына кирет. Бул тууралуу Ош шаарында ЮНЕСКО, ТҮРКСОЙ, ИСЕСКО кызматташтыгында ТҮРКСОЙго мүчө болгон өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларанын 7-жыйынында белгилүү болду. 

Аталган иш-чара Кыргыз-Өзбек университетинде өтүп, ага түрк тилдүү мамлекеттердин ЮНЕСКО комиссиялары чогулду. Жыйында ЮНЕСКО тармагында маданият, билим жана илим боюнча түрк тилдүү мамлекттердин мындан ары биргеликте иш алып баруусу, маданий жана башка баалуулуктарга наамдарды ыйгаруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Иш-чарага ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дюсен Касеинов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, Ош шаарынын мэри катышты.