Жаңылыктар
Бишкек шаарында массалык веложүрүш өттү
Спорт
Бишкек шаарында массалык веложүрүш өттү

Коомдун чоң көйгөйү болгон алкоголь, чылым жана интернетке болгон көз карандылыктан арылуунун жолун үгүттөгөн массалык жалпы веложүрүш Бишкекте болду. Велосүйүүчүлөр экологиялык унаа түрү менен шаардын көчөлөрүнөн өтүштү.

Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына таң эрте жашы-карысы дебей велосипед сүйрөгөн эл келген. Массалык жүрүштө жаңыдан велосипедге отургандар да, тажрыйбасы мол велосүйүүчүлөр да бар.

Велосипед тебүүнүн пайдасы айтпаса да ар бир адамга белгилүү. Изилдөөчүлөр узун аралыкка велосипед тебүү көнүгүүлөрү - ден соолукка жакшы таасир берип, онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын аныкташкан.

Эки дөңгөлөктүү унаалардын жүрүшү - ден-соолукка зыян алып келе турган, жаман адаттарга каршы уюштурулган.

Ошондой эле веложүрүш - аутизмге көңүл бурууга багытталган.

Веложүрүш - Уркуя Салиеванын эстелигинен башталып, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан жыйынтыкталды. Анда катышуучулардын арасында Стамбул шаарында өтө турган жүрүшкө катышууга мүмкүнчүлүк берген атайын жолдомолор да ойнотулду. Маранын соңунда көңүл ачуучу программалар менен коштолгон көргөзмө да уюштурулду.