Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон өткөрүлөт
Спорт
Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон өткөрүлөт

Май айында Ысык-Көлдө эл аралык марафон өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, Run the Silk Road — 2019 аталышындагы спорттук иш-чара, 11-майда Чолпон-Ата шаарында болот. 

Анда катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат. VIII жолу өтө турган мелдешти Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурууда.