Жаңылыктар
Мектептерде ысык тамак берүү мыйзам менен бекитилет
Билим
Мектептерде ысык тамак берүү мыйзам менен бекитилет

Мектептерде ысык тамак берүү мыйзам менен бекитилет. Тиешелүү документтин долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Кыргызстанда 2 миң 236 жалпы билим берүү мекемесинде 443 миң бала билим алат. 1 миң 146 мектепте башталгыч класстарына ысык тамак уюштурулган. 

Билим берүү министрлиги белгилегендей, башталгыч класстарга ысык тамак уюштуруу актуалдуулугун көрсөттү. Бирок бул жараян мыйзам менен бекитилген эмес. Буга чейин балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу жана тиешелүү инфраструктура менен камсыздоо гранттандын эсебинен жасалып келген. Жылдык керектөө 19 млн 326 сом. Мындан ары бул каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.