Жаңылыктар
Өлкөдө орточо эмгек акы 4,6 пайызга өстү
Экономика
Өлкөдө орточо эмгек акы 4,6 пайызга өстү

Кыргызстана орточо эмгек акы 4,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт. Маалыматка караганда, 2019-жылдын эки айында орточо эмгек акы 15 226 сомду түздү.

Анда айтылгандай, каржылык ортомчулук, камсыздандыруу, пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ тармагында иштегендердин орточо айлык маянасы 25 000 сомдон ашкан. Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөсүндөгүдөр 19 000 сомдун айланасында айлык алышат. Эң төмөн акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө жана билим берүү чөйрөлөрүндө эмгектенгендер алышат. Ал сумма 10 000 сомдун айланасында.