Жаңылыктар
ЕАЭБ: мигранттар азыктарды жеткиликтүү баада ала баштады
Экономика
ЕАЭБ: мигранттар азыктарды жеткиликтүү баада ала баштады

Москвада иштеген кыргыз мигранттары Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды жеткиликтүү баа менен ала баштады. Мындай мүмкүнчүлүк бизди кубандырууда дейт, Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыганы Шакиров. 

Анын айтымында буга чейин Кыргызстандан Орусияга жеткирилген товарлар ортомчулар аркылуу сатылгандыктан, баасы жогору болуп келген. Эскерте кетсек, кечээ Москвада “Кыргызстан” деп аталган соода-көргөзмө аянты ачылды. Долбоор Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ишке ашты. Муну менен кыргыз ишкерлери өздөрү өндүргөн азыктарын ортомчуларсыз Орусиянын базарына чыгара алат. 

Андан ары ЕАЭБге кирген мамлекеттерге жол ачылат. Жалпы аянты 300 квадрат метрди ээлеген “Кыргызстан” деп аталган соода-көргөзмө аянты - ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жандандыруу жана турукташтыруу максатын көздөйт. Ишкерлер азыктарын сатып гана тим болбостон, көргөзмөгө дагы коюп, өздөрүнө өнөктөш тапса болот. “Кыргызстан” соода-көргөзмө аянты мезгилге жараша эмес, жыл бою иштейт дейт Шакиров.