Жаңылыктар
“NEW ЖАЗ 2019” Эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтүүдө
Маданият
“NEW ЖАЗ 2019” Эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Бул күндөрү Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Семен Чуйков атындагы “Эмен багы”көргөзмө залында “НЬЮ ЖАЗ 2019” Эл аралык сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Буга Шериктеш мамлекеттердин Казакстан, Өзбекстан,Тажикстан жана Россиянын белгилүү сүрөтчүлөрүда өз эмгектерин коюшкан.Кыргызстандан болсо, кыргыз сүрөт искуссвосунун 5 чебери катышып, ар турдүү жанр да жаралган өз эмгектерин сүрөт сүйүүчүлөрүнө тартуулашууда. Көргөзмөдө коюлган сүрөттөр живопистин, графиканын, скульптуранын жана көркөм-прикладдык искусствонун бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү жана багыты жөнүндө түшүнүк берет. Ошондой эле, бул ишчара ар кайсы мамлекеттер арасындагы сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, искусство дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө боло тургандыгын сүрөт өнөрүнүн ээлери билдиришти. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.