Жаңылыктар
Мерт Эрдин мекенине саякат
Маданият
Мерт Эрдин мекенине саякат

Кадырлуу угармандар, бүгүн сиздер менен чогуу Түркиянын эң кооз деп аталган Анталия Кония жана Бурса шаарларын ачакан саякат сапарына чыкмакчыбыз. Аталган шаарлар тууралуу Кыргыз –түрк “Манас” университетинин радио телевидение факультетинин 2-курсунун студенти Юсуф Мерт Эр айтып берет. 


Эске сала кетсек замандашыбыз Юсуф Бурсада туулуп Конияда ортомектепти аяктап, эр жеткен мезгили Анталия шаарына туш келген.


Түркияда Анталия туризмдин борбору деп аталат. Ал "Ак деңиз" жээгинде орун алган. Анталия жаңы жана эски шаар, кеме токтоочу жай болуп экиге бөлүнөт. 

Ал эми Бурса-Түркиянын бир областы жана калктын жыш жайгашканы боюнча төртүнчү шаар. Аталган шаар-Түркиянын экономикасынын локомотивин түзгөн Стамбулдан кийинки 2-өндүрүш калаасы болуп саналат.


Бурса бир эле учурда Түркиядагы термалдуу суулар туризминин да маанилүү борборлорунан бири болуп саналат. 

Түркияныны дагы бир керемет шаары - Кония. Аталган калаада Мевлана Желаледдин Руминин күмбөзү орун алган Мевлана музейин 2016-жылы жергиликтүү жана чет элдик 2 429 31 турист кыдырган.