Буга чейинки сыноо иретиндеги долбоорлор натыйжалуу болгонун адистер айтууда. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган ыкма санариптик баалуулуктардын дагы бир артыкчылыгы.
Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда мурдагыдай кезек күткөн көрүнүш жок. Шаардын алтымыш миңден ашуун тургунун тейлеген медициналык жайдын мындай ийгилиги электрондук саламаттык сактоо системасынын ишке киргизилгенине байланыштуу. Долбоордун алгачкы бөлүгү - электрондук кезек жемишин берип жаткан учуру.
Мындай ыкма менен медициналык тейлөөнү ишке ашырууда компьютердик каражаттар менен бирге интернет байланышы да үзгүлтүксүз болушу шарт. Калкка жаңы шарттар тууралуу маалымат жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бир нече ирет эл менен жолугушууларды өткөргөн. Телефон жана сайт аркылуу алдын ала байланышып, кезекке тургандан кийин гана ооруканага баш багышат. Бирок электрондук саламаттык сактоо мындай артыкчылык менен гана чектелбейт. Ооруканада анын экинчи бөлүгү болгон медициналык карта иштелип чыгууда.
Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу маселеси Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан айтылган. Мамлекет башчысы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иши жаңы принцип менен уюштурулаарын белгилеген. Негизги максат - үй-бүлөлүк медицинанын адистерине жана медициналык кызматка тез жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
Санариптик баалуулуктарды пайдалануу саламаттык сактоо тармагында каралып жаткан жалгыз максаттар эмес. Ош менен Талас шаарларында жаңы заманбап перинаталдык ооруканалардын курулушу башталат. Ал эми Бишкектеги оорукананын курулушу быйыл соңуна чыгарылат. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеште мындан сырткары Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын жана Токмок шаарларында 2022-жылга чейин ден-соолукту чыңдоо борборлору салынаарын да белгилеген.