Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: 22-апрель күнү кайрадан пикир келишпестиктер чыкты
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: 22-апрель күнү кайрадан пикир келишпестиктер чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында 22-апрель күнү кайрадан пикир келишпестиктер чыгып, учурда абал турукташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бидирди. Маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү саат 20.50лөр чамасында тажик жараны кыргызстандык 9 жаштагы баланы кармап кетип, Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берген. "Тажик жараны шарттуу чек ара сызыгынын жанында Каравшин суусунун ирригациялык системасын тазалап жатканда кыргызстандык тестиер анын экскаваторунун айнегин сындырып салды деп айыптап жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кармалганына жарым саат болгондон кийин коңшу өлкөнүн укук коргоочулары баланы кайрадан кыргыз тарапка өткөрүп алды. Ага чейин Ак-Сай айылында нааразы болгон 50-60 кыргыз жараны чогулган. Абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандан Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү менен Тажикстандан Исфара тилкеси боюнча өкүлү жолугушту. Ошондой эле эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилиги телефон аркылуу сүйлөштү. Баса белгиленгендей, окуя учурунда курал колдонулган жок. Исфара - Ворух унаа жолундагы кыймыл жанданды. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.