Жаңылыктар
Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды
Саясат
Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди ишти карап жаткан фемида өкүлдөрүнө карата жактоочулар ишеним көрсөтпөй тургандыгын айткандан кийин, Жогорку Соттун соттук коллегиясы чыгарды. Бул Соттук коллегия ишти башка судья алгандан кийин, аны кайра изилдөөгө убакыт керек болорун дагы билдирди. 

Белгилей кетсек, Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. Ал былтыр соттун чечими менен 11 жыл, алты айга кесилген эле.

Эске сала кетсек, эски аянтта Жапаровдун тарапташтары чогулуп, ал абактан бошотулсун деп жатышат. Буга чейин алар мэрияга митинг болору тууралуу кабар берген. Аларга Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары да кошулду. Белгилей кетчү жагдай, бүгүн түштөн кийин Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин соту болот. Ушул эле митингге чыккандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалышын талап кылууда.