Жаңылыктар
Жээнбеков Сокулук районунун Орок айылындагы мектептин абалынан кабар алды
Билим
Жээнбеков Сокулук районунун Орок айылындагы мектептин абалынан кабар алды

Сокулук районунун Орок айылында 500 орундуу кошумча мектептин курулушу башталат. Азыркы учурда долбоорлоо иштери соңуна чыгып, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө. Орок айылдык орто мектебинин абалы менен бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, борбор калаада жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны өтө көп болуп жаткандыгын айтты. Андыктан кошумча окуу корпустарын куруу боюнча долбоорлорду тезирек ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи. 


Айылда азыр иштеп жаткан мектеп 300 окуучуга эсептелген, бирок анда 1 миң 900 бала билим алууда. Аны менен катар өлкө башчысы Бишкек шаарынын Ленин районундагы №59 орто мектебине барды. Долбоор боюнча мектеп 400 окуучулук орунга эсептелинген. Бирок, мектепте учурда 1 миң 112 бала билим алат. Мында 150 орунга эсептелген кошумча имарат куруу пландалууда. Социалдык объектилер коррупцияга каршы күрөштөн которулган каражаттардын эсебинен салынмакчы.