Жаңылыктар
КТРКнын "Музыка" каналынын эфири жаңы долбоор менен толукталды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын "Музыка" каналынын эфири жаңы долбоор менен толукталды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Музыка" каналынын эфири жаңы долбоор менен толукталды. Телеканал ачылгандан бери эң биринчи түз эфир аркылуу көрүүчүлөргө сунушталган берүү "Сонун шоу" деп аталат. 

Камералар, жарык бергичтер жана түрдүү башкаруучу пульттар. "Музыка" каналынын тарыхындагы эң алгачкы түз эфир аркылуу чыга турган берүүнү тартууга бардык техника жана бүт чыгармачыл топ даяр.



Ошондой эле музканал жаңы студияга ээ болду. Кооз декорацияларга, жасалгаларга толгон иш бөлмөсүн жамаат 6 жыл күткөн.



Көңүл ачуучу "Сонун шоу" программасы ар жума сайын дүйшөмбүдөн жумага чейин, кечки саат 8ден 10го чейин көрүүчүлөрдү кубандырмакчы. Андыктан өткөрүп жибербеңиз!