Жаңылыктар
Ош шаарында жаңы курулган клиникалык оорукана ишке кирди
Ден соолук
Ош шаарында жаңы курулган клиникалык оорукана ишке кирди

Ош шаарында жаңы курулган клиникалык оорукана ишке кирди. Ооруканага электрондук тейлөө киргизилди. Медициналык мекемени Кытай өкмөтү гранттык негизде куруп берди. Анын ачылышына мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Ош шаарында Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатына курулган заманбап оорукана пайдаланууга берилди. Медицина мекемесинин ачылышына өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Өз сөзүндө Президент мамлекет региондорго заманбап ооруканаларды куруу максатын коюп жатканын белгиледи.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"