Жаңылыктар
Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту
Дүйнө
Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту

Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту. Буга Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине жасалган кол салуу себеп болду. Кол салуу 3-январда болгон. Андан бир күн мурун Сауд Арабияда белгилүү шиит диний үгүттөөчүсү Нимр Бакр аль Нимбра өлүм жазасына тартылган. Ирандын калкынын көбү шииттер болгондуктан, диний үгүттөөчүнүн өлүмүнө нааразы болгондор Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кол салган. Митингге чыккандар дипмиссиянын имаратына таш ыргытып, элчиликтин жарым бөлүгүн өрттөп жиберген. Сауд Арабия Тегерандагы элчиликте иштеген кызматкерлерин ал олкодон чыгарып кетип, Иран дипломаттары өлкөдөн 48 саат ичинде чыгып кетүүсүн эскерткен.