Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат агартуу тармагына жумшалат
Билим
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат агартуу тармагына жумшалат

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун 15 мектебинде кошумча корпустар салынат. 

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаадагы жана Чүй облусундагы мектептердин абалы менен таанышкан учурунда айтылды.

Учурда 300-400 орундуу мектепте 2 000ге жакын окуучу билим алып жаткан көрүнүштөр бар. 

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн борбор калаанын түштүк тарабында түптөлгөн, Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жаңы сейил бактын курулуш иштери менен таанышты. 

Өлкө башчысы эс алуу жайынын кире беришине салынып жаткан курулушка капсула салып, Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек деп белгиледи. Айтымында, жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу үчүн баарынан маанилүү.

Cейил бактын жалпы аянты 10 гектар жерди ээлеген эс алуу жайынын долбоорунда 17 000ден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай каралган. 

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү болжолдонууда.