Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамилесин бузууга кимдер кызыкдар?
Чек ара
Кыргыз-тажик мамилесин бузууга кимдер кызыкдар?

22-апрель күнү тажик жарандары алып кетип, кайра кайтарылган Капчыгай айылынын 2-классынын окуучусу учурда облустук ооруканага жаткырылып, абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Балам мектептен келген. Анан саат 6ларда үйдөн чыгып кетти. Ал балдар менен кумда ойноп аткан. Ал жер кыргыздын эле аймагы. Анан кумда ойноп отурса тажиктер келип алып кетиптир. Чоң балдар узакта экен. Менин балам кумдан үй жасап ойноп аткан дешти. Өзү болсо көргөнүмдө качат элем, байкабай калдым, келип эле көтөрүп алып кетип калды дейт, - деп билдирет апасы.

Капчыгай айылынын мектеп окуучулары дарыянын жээгинде ойноп аткан жеринен тажикстандык жарандар 2-класстын окуучусун Варух айылына алып кирип кеткен. Учурда бул боюнча тажик жана кыргыз милицияларынын биргелешкен тергөө тобу иш алып барууда. 

Ал эми окуучуну алып кеткен тажик жарандары кошуна өлкөнүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Абдувалиев деген окуучу балдар менен ойноп жүргөн экен. “SAMSUNG”үлгүсүндөгү эксковатордун терезесине таш менен урду деп, тажик жарандары аны Варух аймагындагы милицияга алып барып тапшырган экен. Андан соң бизге маалымат келип түштү. Дароо биздин милиция кызматкерлери менен чек ара кызматкерлери чогуу барып жолугушканда, ошол баланы кайра бизге өткөрүп беришкен, - деп билдирди Баткен ОИИБнин башчысы Аскарбек Аширалиев.

Жергиликтүү тургундар бул окуяны, 2 улуттун ортосуна чок салгысы келген чагымчыл аракет деп баалашууда. Анткени баланы кармап кеткен киши буга чейин да кыргыз-тажик ынтымагына доо кетирүүгө бир нече аракет жасаганы боюнча далил бар.

Учурда Ворух-Исфара жолу өз нугунда ачык, иштеп жатат. Окуядан кийин 2 тараптын тең облус башчыларынын орун басарлары жолугуп, сүйлөштү.