Жаңылыктар
Түпкүлүгү бир түрк тилдүү элдердин этномаданияты, эстен кеткис ирмемдерди тартуулады!
Маданият
Түпкүлүгү бир түрк тилдүү элдердин этномаданияты, эстен кеткис ирмемдерди тартуулады!

“Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” саамалыгынын алкагында этномаданий фестиваль Кара-Кулжа районунда өттү. 

Анда түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген чыгармачыл топтордун гала-концерти коюлду. 

Өз кезегинде тоолуктар дагы өз маданиятын, каада-салт, үрп-адаттын көрсөтүп, келгендердин көңүлүн которгон оюн зоок тартуулашты. 

Райондун борборунда болсо кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, улуттук устачылыктын көркү көрсөтүлдү. 

Ак калпакчан аксакалдар, улуттук көйнөк кийген апалар, күлкүсү таш жарган балдар. Баары тең алыстан жол арытып келген конокторго шаңдуу маанай тартуулоо үчүн район борборуна чогулушкан. Анткени мындай майрам тоолуу аймакта дайыма эле боло бербейт. 

“Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” саамалыгынын жогорку деңгээлде уюштурулганын ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы да өз сөзүндө баса белгиледи. Анын айтымында иш-чара чыныгы элдик майрамга айланып, түрк элдеринин достугу менен биримдигинин данакери боло алды. Бул болсо ТҮРКСОЙ уюмунун эң негизги максаты катары бааланат.

Бул саамалык буга чейин Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Казанда өткөн иш-чаралардын ичинен эң өзгөчөсү болду. Стадиондо өткөн аземге келген чет элдик коноктордун, фестивалдын катышуучуларынын, Кыргызстандын ар тарабынан чогулган элдин маанайы, бул саамалык анык элдик майрамга айланганынан кабар берди. Кыргызстан өнөр адамдарынын мекени экени дагы бир жолу даңазаланды, - деп билдирди Түрксой уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов.

“Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун башталышы жогорку деңгээлде старт алды. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу жолугушуулар бар. Бул саамалыктан алкагында Ош шаарында жалпы 24 иш-чара белгиленген.