Жаңылыктар
Өкмөт башчы ким болот?
Саясат
Өкмөт башчы ким болот?

Темир Сариев кеткенден кийин, өкмөт башчынын бош калган ордуна ким келээри тууралуу, социалдык тармактарда жана басылмаларда кызуу талкуу жүрүп жатат. Ал арада премьер-министр болгонго татыктуу деп бир топ ысымдар аталууда.

 

Эми парламенттин көпчүлүк коалициясынын келишимине ылайык, КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан турган башкаруучу альянс премьер-министрдин кызматына бир талапкерди сунуштайт. 

Буга чейин өкмөт башчылыка талапкер делип, КСДП фракциясынан Иса Өмүркуловдун, фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин жана президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун ысымдары аталып жаткан.

Эми пленардык жыйында эл өкүлдөрү жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин добуш берүү менен колдойт же болбосо четке кагат. Андан соң өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн курамы да пленардык жыйында добуш берүү жолу менен бекитилет.