Жаңылыктар
Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт
Спорт
Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт

Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, мелдеш 1-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ипподромдо болот. Ал эл аралык эреже менен өткөрүлөт. Ошондой эле мелдеште 80 жана 120 чакырым дистанция каралган.

Турнирдин байге фондусу 1 миллион сом. Катышуучуларга жана аргымактарга болгон талап менен агенттиктин Facebook баракчасынан кенен таанышууга болот.