Жаңылыктар
Жер көчкү коркунучу бар, кооптуу аймакта жашагандар көп
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкү коркунучу бар, кооптуу аймакта жашагандар көп

Сузакта жер көчкү катталды. Алчалуу айылында түшкөн көчкүнүн көлөмү 30 миң метр кубка жетет. Кырсыктан адам өмүрүнө жана турак жайларга зыян келген жок. Бирок жайытта оттоп жүргөн бодо малдан бешөө көчкүнүн алдында калды. 

Ошондой эле 2 электр мамычасын жана дарактарды басып калган. Үйлөрдөн 200 метр гана аралыкта түшкөн көчкүдөн жергиликтүү тургундар кооптонуп турушат. 

1994-жылдардан тартып Сузак району боюнча жалпы 1098 үй жер көчкү коркунучу бар аймакта жайгашкан деп табылган. Алардын ичинен 34 үй бүлө гана коопсуз жерге конуш которсо, учурда 1064 үй бүлө тобокелге салып коопту аймакта жашап келет. 

Булардын 874ү мамлекеттен ссуда жана жер тилкеси менен камсыз болгон. 190 үй бүлө кезекте турат. Мындагы жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган тургундарга жыл сайын эскертүү берилип келет, бирок моюн сунган киши жок.