Жаңылыктар
Абылгазиев: "Кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатат"
Саясат
Абылгазиев: "Кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатат"

Кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, иштин жыйынтыгын баалоо кийинки үч жылдан бери интегралдык көрсөткүчтөрдүн суммасынын негизинде жүргүзүлүп келет. 

Ал негизги төрт көрсөткүчтөн турат: өкмөттүн программаларынын аткарылышы, жалпы мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы, калктын ишеним индекси жана өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициялары. - Булардын баарынын жыйынтыктары өкмөт коюлган милдеттерди ишке ийгиликтүү ашыра алганын тастыктап турат. Калктын ишеним индекси 0,6% төмөндөгөнү мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергенинин таасири болду го деп ойлойбуз, - деди Абылгазиев.