Жаңылыктар
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россияга чопкутталган поезд менен келди
Дүйнө
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россияга чопкутталган поезд менен келди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия лидери Владимир Путин менен жолугуу үчүн Владивостокко чопкутталган поезд менен келди. Бул туурасында РИА "Новости" Кореянын Борбордук телеграф агенттигине шилтеме кылып берди. Буга чейинки маалыматтарда жолугушуу 25-апрелде болору, ал эми анын пландалган аймакка шаршемби күнү келери айтылган. Ким Чен Ындын Россияга биринчи сапары 2011-жылы болгон. 

Алдыдагы саммит 25-апрелде Владивостоктогу Орус аралында өтөт. Башкы тема катары Корей жарым аралынын өзөктүк куралдар боюнча көйгөйлөрүн жолго салуу жана эки тараптуу мамиле талкууга алынат. Приморьенин борборуна Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон келген. Шейшемби күнү Владивостоктогу аба майданына Пхеньяндан келген эки учак конду. Кореялык ЖМКлардын жазганына караганда, Ким Чен Ындын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү буга чейин эле келген.