Жаңылыктар
Жиу-житсу боюнча Муртазали Муртазалиев дүйнө чемпиону болду
Спорт
Жиу-житсу боюнча Муртазали Муртазалиев дүйнө чемпиону болду

Жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев дүйнө чемпиону болду. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде 30дан 35 жашка чейинкилер арасында 77 килограмм салмакта күч сынашты. 

Муртазали Муртазалиев алгач сингапурдук спортчуну утуп, жарым финалда орусиялык Адлан Жабралиевди жеңди. Финалда колумбиялык Вильям Кампосомду 4:0 эсебинде утуп, дүйно чемпиону болду. Мындай маалымат жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынын сайтына жарыяланды. Муртазалиев буга чейин Азия чемпионатында күмүш байге алса, былтыр Азия оюндарында жана Европа чемпионатында алтын медалга ээ болгон.