Жаңылыктар
Мектептерде акча чогултуу иши качан тыйылат?
Коррупция
Мектептерде акча чогултуу иши качан тыйылат?

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектебинде ата-энелер чогулткан акча чыры ак үйгө чейин жетти. Ушул айдын башында акчанын эсебин директордон сурап, оңчулуктуу жооп ала албаган айрым ата-энелер тиешелүү органдарга кайрылышкан. Учурда бул боюнча териштирүү башталып, ал ортодо нааразы тарап ак үйдүн алдына митингге чыгышты. 

Үнүн бийликке жеткиребиз деп Бишкекке келген ата-эненин саны 100гө чукулдайт. Талабы - ата-энелер фондуна деп жыйналган акча кайда жумшалаарын билүү жана директорду кызматтан кетирүү. Анткени нааразы болгондор мектеп директору миллиондогон каражатты натыйжасыз пайдаланылууда айыптап жатышат.