Жаңылыктар
Өкмөттүн маалыматы: былтыр Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист келген
Саясат
Өкмөттүн маалыматы: былтыр Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист келген

Парламет бүгүн бир күн кечке Өкмөттүн маалыматын угуп, депутаттар сын пикирлер менен кошо сунуштарын берип үлгүргөн жок. Мындан улам Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн 2018-жылы аткарган иши тууралуу маалыматын эртең да улунтмай болду. Негизинен Өкмөт башчы кеңири баяндамасында өткөн жылы кетирилген кемчиликтер менен кошо жетишкендиктерди белгилеп өттү. 
Өткөн жыл коомдук-саясий окуяларга бай жыл болгонун белгилеген Абылгазиев Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда олуттуу сыноолорду алып келген мезгил болду-деди. Ага карабай Өкмөт экономикалык абалды туруктуу сактай алды жана бардык секторлордо өсүштү камсыз кылды. Ички дүң продукция 3,5%га өссө, тышкы соода жүгүртүү 6,7 млрд доллар болгон. Буга өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги ээлеген ордунун жакшырганы далил. Коррупция, экономикалык эркиндик, бизнести жүргүзүү, калктын ишеним индекси жакшырып 0,6%га төмөндөгөн.