Жаңылыктар
Элет жерине дарыгерлер жетишпейт
Ден соолук
Элет жерине дарыгерлер жетишпейт

Чүй облусунун 8 районунда тең жогорку билимдүү дарыгерлер жетишпейт. Айыл тургуну кокус ооруп калса борбордогу ооруканага келүүгө аргасыз. Калк арасында дарты убагында аныкталбай, оорусу күчөп кеткендер четтен чыгат. Жаш адистерди маянаны жогорулатуу менен гана тартса болоорун адистер билдирет.

Жарандардын саламаттыгы өлкө байлыгы. Андыктан саламаттык сактоо министрлиги киргизген механизм элдин саламаттыгына оң таасирин берсин дейли.