Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча отчётун угууну улантат
Саясат
Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча отчётун угууну улантат

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылдагы иши боюнча отчётун угууну бүгүн да улантат. 24-апрелде депутаттардын алдында сүйлөп жатып Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн түзүмүндө айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмү 204 млрд. сомду түзүп, өсүш 2,7 пайыз болгонун айтты. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы, тармактык комитеттер өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкан.