Жаңылыктар
Жогорку Кенеш өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган ишин канаттандыраарлык деп тапты
Саясат
Жогорку Кенеш өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган ишин канаттандыраарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн 2018-жылы аткарган иши тууралуу маалыматын канаттандыраарлык деп тапты. Мындай чечим добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. Добуш берүүгө 114 депутат каттоодон өтүп, алардын 103 макул, бирөө каршы деген добуш берди. 

Өкмөттүн отчётун Парламент кечээ бир күн кечке карап үлгүрбөй калганына байланыштуу талкуу бүгүн да улунтылды. Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жалпысынан Өкмөттүн ишинде натыйжалар бар экенин белгилеп, бирок экономиканы өргө тартууда экспорттун көлөмүн көбөйтүү, инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана Кызыломпол кенинде уранды казууга жол бербөө сыяктуу сунуштарын берди. Ошол эле учурда депуттар тарабынан Өкмөт реформаларга барышы кажет деген демилгелер да көтөрүлдү.