Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков жумушчу визит менен Пекин шаарына барды
Саясат
Сооронбай Жээнбеков жумушчу визит менен Пекин шаарына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу визит менен Кытайдын Пекин шаарына барды. Анда мамлекет башчысы «Бир алкак - бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышат. 

Сапардын алкагында Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт. Делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.