Жаңылыктар
Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлордун негизги инвестору
Экономика
Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлордун негизги инвестору

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери мамлекеттик долбоорлорго жумшалган Кытай инвестициясынын көлөмү 2 миллиард доллардан ашкан. Экономикалык гана эмес, маданий-гуманитардык алака да жогорку деңгээлде.

Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод 4 жыл мурда иштей баштаган. Анын курулушуна кытай инвесторлорунун 60 миллион доллары жумшалган. Заводдо ар жыл сайын 400 миң тонна мунай иштетилет.

Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлордун негизги инвестору. Өлкөдө 400дөй кытай жана 177 биргелешкен ишканалар бар. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгону мамлекеттик долбоорлорго кытай тараптан 2 миллиард доллардан ашуун инвестиция келген.

Эки өлкөнүн мамлекет жетекчилеринин ортосунда туруктуу байланыш бар. Кыска убакытта карым-катыш стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен. Бир катар маселелер боюнча президенттин Бээжинге жасалган мамлекеттик визитинин алкагында келишимдер жетишилген.

Эки өлкөнүн ортосунда билим берүү, маданий-гуманитардык алака да олуттуу мааниге ээ. Өлкөдөгү 7 жогорку окуу жайында кытай тили окутулат. Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде эле миңдей студент билим алууда. Алар тил үйрөнүп гана чектелбей, Кытай философиясын, тарыхын жана саясатын окуп, үйрөнүшүүдө. Жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттерди алмашып окутуу боюнча программалар иштеп жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташуусу да бекемделген. ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги саммити быйыл жайында Бишкекте өтөт. Ага бардык тараптар даярдык көрүүдө.