Жаңылыктар
Кыргызстан саякаттоого мыкты өлкө
Туризм
Кыргызстан саякаттоого мыкты өлкө

Британиянын Financial Times гезити окурмандар үчүн 2016-жылы саякат жасоого мыкты жети өлкөнүн тизмесин чыгарды. Тизмеге Бразилия, Гренландия, Куба, Перу, Түштүк Африка, Шри Ланка менен катар Кыргызстан да кирди. Биздин өлкөнүн бул тизмеге кирүүсү - “Кыргызстанда баалар абдан арзан. 2012-жылдан бери көп өлкөлөргө визасыз каттам киргизилип, саякаттоо түйшүгү жеңил. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо тынч өттү. 2016-жылы болсо, бир катар тарыхый, маданий саамалыктар болгону жатат. Бул мааракелерде улуттук ат оюндарын акысыз көрсө болот. Мындан тышкары, адам буту баспаган Тянь-Шань тоолорун велосипед менен аралап, байыркы Жибек Жолун басып өтө аласыздар” - деп негизделет. Тизмени дүйнө туризм тармагын иликтеген Торонтодогу Butterfield&Robinson аналитикалык компаниясы түзгөн. 2016-жылдын мыкты туризм өлкөсү деп табылган мамлекеттер негизинен - саясий стабилдүүлүк, мейманканалар, көңүл ачуучу жайлардын сапаты менен бааланган. 









- See more at: http://ktrk.kg/ky/janylyktar/kyrgyzstan-sayakattoogo-mykty-olko#sthash.Wyu2i9N2.dpuf