Жаңылыктар
Өлкө башчысы Кытайдагы сапарында Пекиндин жетекчилери менен жолугушат
Саясат
Өлкө башчысы Кытайдагы сапарында Пекиндин жетекчилери менен жолугушат

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Андан тышкары, ал эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Сооронбай Жээнбеков менен кошо тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов барды.