Жаңылыктар
"Шарджа-Бишкек-Шарджа" түз каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
"Шарджа-Бишкек-Шарджа" түз каттамы ачылат

"Шарджа-Бишкек-Шарджа" түз каттамы ачылат. Бул туурасында Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Жагымдуу жаңылык менен бөлүшкөн консулдук, көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, «Air Arabia» авиакомпаниясы ушул жылдын 2-июлунан баштап «Шаржа-Бишкек-Шаржа» түз авиакаттамын ачканга даяр болду. Азыркы мезгилде кыргыз тарап менен тиешелүү макулдашуу жана даярдык иш-чаралары өткөрүлө баштады деп билдирген.