Жаңылыктар
Ала-Букада айына 200 тонна эт экспортко чыгарылышы күтүлүүдө
Экономика
Ала-Букада айына 200 тонна эт экспортко чыгарылышы күтүлүүдө

ЕАЭБ талабына жооп бере турган мал союлуучу жайды Ала-Букалык ишкер Эсен Кудайбердиев курган. 15 миллион сомдук заманбап касапкананын 7 миллиону мамлекет тарабынан аз пайыздуу насыя катары берилген.

Биринчи биздин максатыбыз, жергиликтүү элди таза эт менен камсыздоо болгон. Райондогу мурдагы мал союлуучу жайлар санитардык талапка жооп берчү эмес. Азыр эми таза эт менен камсыздап баштадык. Биз азыр фирмаларды, бала бакчаларды таза эт менен камсыздайлы деп жатабыз, - деп билдирди ишкер.

Мал союлуучу жайда талап кылынган бардык шарт бар. Союла турган мал биринчи кезекте мал доктурдун колуна түшөт. Малдын кулагында сөзсүз бирка болушу шарт. Ансыз союлбайт.

Андан кийин касаптын колуна барган мал 10 минутанын ичинде союлуп, жиликтенип, даяр болуп калат. Себеби, кол жумуштун теңинен көбү автоматташтырылган аппараттар менен жасалат. Жиликтенген жандыктын эти дагы бир ирет текшерүүгө алынып, ички органы толугу менен текшерүүдөн өтөт. 

Азыркы учурда күнүнө 15 ке жакын кара мал союлууда. Мында 10 дон ашуун жумушчу иштеп жатат.

Касапканда бир күндө 40 кара мал, 200 майда жандыкты союп даярдоого болот. 

Ишкер мал союлуучу жайды толук кубатта иштетүү үчүн Кувейт өлкөсүндөгү компаниялардын бири менен сүйлөшүп жатат. Кыргызстандан эт алууга кызыктар болуп жаткан тартап жакында келип, биздин элдеги мал кармаган шарттар менен таанышат. 

Эки тараптуу келишим ишке ашып, айына 200 тонна этти экспорттоп турууга жол ачылып калса эт багытында мал кармаган Ала-Букалык гана эмес, коңшу турган Чаткал жана Аксы райондорундагы фермерлерге да малын жакшы баада өткөрүп алганга шарт түзүлмөк.