Жаңылыктар
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады
Саясат
Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жээнбеков Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу мындан ары да өнүгө берерине ишенерин белгилеген. "Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Украина элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм", — деп президенттин телеграммасында айтылат.

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өттү. Анда Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко ат салышкан. БШКнын маалыматына караганда, Зеленский шайлоочулардын 73,22 пайыз добушун алып жеңишке жетти. Ал эми Порошенко шайлоодо утулганын моюнга алган.