Жаңылыктар
Тендерлерди өткөрүүдө кемчиликтер көп
Саясат
Тендерлерди өткөрүүдө кемчиликтер көп

Тендер, конкурс, аукциондор кайсы бир долбоорду ишке ашырууда атаандаштыктын негизинде татыктуу ишкананы тандоого шарт түзүшү керек. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй дайыма эле баары ачык-айкын боло бербейт. Жогорку кызмат адамдарынын катышы, кызыкчылыгы бар делген компаниялар жеңишке ээ болуп, арты чуу менен аяктаган окуяларга кыргыз коомчулугу көп эле күбө болуп келатат. Адистер мындай алешемдиктерди тиешелүү мыйзамдарга керектүү толуктоолорду киргизүү менен жоюу зарылчыгын айтышууда.

Тендер, конкурстарга татыктуу тараптардын катышышына тоскоолдуктар бар экенин айткандар арбын. Көпчүлүк учурларда мамлекеттик сатып алуулардабы, кызмат көрсөтүүдөбү, айтор жеңиштин үзүрүн башкаруу чөйрөсүндө таасири бар ишмерлер менен чырмалышкан ишканалар гана көрүп келатканын белгилейт Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров. Ал өзүнүн кызматын сунуштаган компаниялардан толук маалыматтар талап кылынбай жатканын айтат. Ишкананын учурдагы абалына гана эмес, мурда кимге таандык болгон, кайсы долбоорду кандай ишке ашырганына да тереңирээк байкоо жүргүзүү зарыл деген пикирде.

Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев эң негизгиси тендердик комиссиянын ишине баа берүү зарыл деген пикирде. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн алардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деген пикирди карманат.

Тендерлерди өткөрүүдө кемчиликтер көп экенин аткаруу бийлиги да моюндап турат. Аларды жоюу максатында атайын мыйзамдар иштелип жатканын айтат Өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев. Мындан сырткары ар мекемелердин байкоочу кеңештеринин мүчөлөрү менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди окутуу максат кылынууда.

Экономика министрлиги тарабынан сунушталган мыйзамга көңүл бурсак, анда мамлекеттик сатып алууларга, ири долбоорлорго жогорку кызмат адамдарынын жакындарына таандык ишканалар катыша албастыгы белгиленген. Учурда коомчулук тарабынан талкууланып жатат. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова учурдагы мыйзам талапка жооп берээрин, болгону аны аткарууда гана маселе жаралып жатканын белгилейт.

Нурипа Муканова: “Мамлекеттик сатып алууларда паракорлуктун  алдын алуу үчүн тендер жарыялаган мекеме мыйзамдын талаптарын гана сакташы  керек. Анда пландан тартып келишимди аткарууга чейинки маселелердин баардыгы камтылган. Тендер өткөрүлгөндөн кийин утулган тарап мамлекеттик сатып алуулар  боюнча порталга өзүнүн арыз, даттанууларын жөнөтө алат. Бирок, аны жарыялап  коюп гана тим болбостон, арыз, даттанууларга байланыштуу кандай чечим кабыл  алынганы да кабарланышы керек. Бир гана көйгөй – белгиленген эреже сакталбай  жатат. Биздин талдообузда мамлекеттик органдар мыйзамды жарым-жартылай же  таптакыр аткарышпайт. Долбоордун баасы өкмөттүн макулдугу менен бекитилиши  зарыл. Бирок, өкмөт макулдук берсе, ага өкмөт жооптуу деп түшүнбөш керек. Аткаруу бийлиги сатып алуулар кандай жүргүзүлүп жатканына көзөмөл кылат. Ал эми  баардыгына ошол мекеме жооптуу. Бул мыйзамда так жазылган. Болгону аны аткаруу  зарыл”.

Тендерлердеги алешемдиктер тууралуу майда мамлекеттик сатып алуулардан тартып, ири долбоорлорго чейин айтылып келет. Бюджеттен каралган көлөмдүү каражаттарды маанилүү кызмат адамдары колдон чыгаргысы келбеген учурлар арбын. Тендерлердин арты жогорку кызмат адамдарынын иштен кетишине себеп болгон учурлар да бар.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”