Жаңылыктар
С.Жээнбеков Кытайда өтүп жаткан "Бир алкак-бир жол" аттуу форумга катышты
Саясат
С.Жээнбеков Кытайда өтүп жаткан  "Бир алкак-бир жол" аттуу форумга  катышты

Кытайдын Бээжин шаарында бүгүн "Бир алкак-бир жол" экинчи форуму өз ишин баштады. Анын расмий ачылыш салтанатына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Долбоордун алкагындагы кызматташтык талкууланып, Кытайдан батыш Европага чейинки авто, темир жол, деңиз порттору аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө негизги басым жасалды. 

Бээжин шаарынын борбордук көчөлөрүндө бүгүн авто унаалар күндөгүдөн аз. Форум өтө турган аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ар бир адам, ошондой эле автомашиналар тыкыр текшерилип киргизилүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков “Бир алкак-бир жол” форумуна жана анын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн Пекинге күн мурун учуп келген. Бүгүн таң эртеден эле делегациялар форумдун расмий ачылышы өтчү жайга келе башташты.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге расмий ачылыш салтанатына Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан жана Тажикстандын лидерлери, мындан сырткары БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш катышты.

Форумду Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин ачты. Ал өз сөзүндө Улуу Жибек жолунунун алкагында өнөктөш болгон өлкөлөр кызматташтыкты арттыруу багытында дагы бир кадам алдыга таштаганын белгиледи. Алдыдагы жылдары коңшу өлкө долбоордун алкагында 1 трлн долларга чейин инвестиция салууну жана ири долбоорлорду насыялоону көздөп жатат.